Аба-ырайынын жылышына байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууй баштады. Бүгүнкү күндө линияда 5 атайын  техника бар.

Калган 20 унаа жаңылана элек, анткени жуманын аягында кар жаашы күтүлүүдө. «Тазалык» муниципалдык ишканасы аба- ырайынын шартына жараша көчөлөргө туз чачып, карды тазалайт, ал эми күн жылуу мезгилде борбор калаанын көчөлөрүн жууйт.

Таштандыларды чогултуу жана тазалоо графикке ылайык, таңкы саат 5:00дөн башталат.

Жалпысынан 16-февралда санитардык тазалоо иштерине 647 көчө шыпыргыч, 119 жүктөөчү, 18 жашылдандыруучу тартылган.