Урматтуу шаардыктар! Бизде жакшы жаңылыктар бар, Бишкек шаары Бириккен Улуттар Уюмунун табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бюросу (Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу кызматы) жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынып, 2030-жылга чейин шаарларды табигый кырсыктарга стабилдүү кылуу боюнча глобалдык өнөктөштүккө кошулду.

Hyatt Regency Bishkek мейманканасында жаратылыш кырсыктарына туруктуулукту баалоо жана жергиликтүү стратегияны иштеп чыгуу боюнча техникалык жумушчу топтун тааныштыруу жыйыны өткөрүлдү.

Шаардын кызматарынын  жана  Бириккен Улуттар Уюмунун табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бюросунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шаарлардын шарттарындагы табигый кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү концепциясы менен таанышып, жергиликтүү калкктын табигый кырсыктарга туруштук берүүсүн жогорулатуу үчүн үгүт куралдарын жана ыкмаларын колдонууну үйрөндүк. Мындан тышкары иш-аракеттердин иш планы талкууланды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан туруктуулукка баа берүү үчүн техникалык жумушчу топ түзүлдү. Ал табигый кырсык коркунучун азайтуу стратегиясын жана шаарды коопсуз өнүктүрүүнү,  бишкектиктердин бакубат жашоосу жана ден-соолугу үчүн экологиялык таза өнүгүүнү жана жакшыртылган шарттарды камсыздайт.