Октябрь районунун жыйындар залында балдарга карата ырайымсыз мамилени жана үй-бүлөлүк зордук- зомбулукту алдын-алуу боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жолугушууга социалдык кызматкерлер, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өкүлдөрү, билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, өкмөттүк эмес уюмдар, “Шанс” кризистик борбору жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо боюнча маалыматтарды уктук.Белгилей кетсек, ар бир  муниципалдык аймактык башкармалыкта үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын -алуу боюнча комитеттер түзүлгөн.Жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдү аныктап, ырайымсыз мамилеге кабылган балдар, үй-бүлөлөр боюнча  түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш алып баруусун күчөтүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна  коркунучтар келгендиги жөнүндө фактыларды билдирүү үчүн күнү-түнү "111" ишеним телефону иштейт.Ошондой эле, шаардын төрт райондук администрациясында балдардын иши боюнча төмөнкү ишеним телефону чалууларды кабыл алат:


- Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86;
- Октябрь району: 0 (312) 51-03-75;
- Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
- Ленин району: 0 (312) 88-38-99.