Мэрия билим берүү уюмдарынын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерин улантылууда.

Ушул тапта Карагай  чолок көчөсү 31 дарегиндеги №18  мектебинин кошумча имаратынын курулушу жүрүп жатат.
225 окуучуга ылайыкташтырылган имарат дээрлик даяр. Дубал тургузулуп, чатыры жабылып, имараттын ичин оңдоо иштери калды.

Белгилей кетсек, жаңы имарат заманбап класстар, мугалимдер бөлмөсү, компьютердик класс, китепкана, жуунучу жана техникалык бөлмөлөр менен жабдылат.

Объекте Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен “Дастан Курулуш Компани”  иш алып барууда.
Жаңы имараттын наркы болжол менен 40 миллион 978 миң сомду түзүп, каражат коррупцияга каршы күрөшүү үчүн депозиттик эсептен бөлүнгөн.

Имараттын оңдоо иштерин  2021-2022- окуу жылынын башталышына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, №18орто мектеби 1967-жылы пайдаланууга берилип, кубатуулугу 460 окуучуга эсептелингенине карабастан, бүгүнкү күндө 1420 окуучу билим алууда.