Урматтуу шаардыктар! Биз «Ак-Ордо» конушунун Кут-Ордо, Бугу-Эне, Шамшы, Долон-Бий, Кырчын, Кетмен-Тобо, Курсант, Чон-Ак-Суу, Атабай, Калыс, Садыр-Аке, Асыл, Курсант, Какен-Апа, Акыл Карачач, Аргымак жана  Бермет көчөлөрүндө электр энергиясын өткөрүү үчүн темир-бетон түркүктөрүн орнотуу иштерин жыйынтыктап жатабыз.

Түйүндүн узундугу 8 миң метрди түзүп, 850 үйдү электр энергиясы менен камсыз кылуучу негизги линияга кошот.
Эскерте кетсек, курулуу-монтаждоо иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «ГлавТехИнвест» бөдрөтчү компаниясы жүргүзүүдө.

Куруу иштери жыйынтыкталгандан кийин Батыш РЭСтин эксплуатациялоочу уюмунун балансына өткөрүлүп берилет.
Курулуш иштеринин наркы 7 млн.334 миң 595 сомду түзөт жана шаардык бюджеттен каралган.