Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу   Азиз Алымкулов борбордун вице-мэри кызматынан бошотулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын  жамааты Азиз Эсенбековичке шаарыбызга ак ниет кызмат кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев дагы учурдагы экс-вице-мэрдин иши үчүн жылуу ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясына Ардак грамотасын тапшырды.

Урматтуу Азиз Эсенбекович! Бишкек шаарынын мэриясы чын жүрөктөн ден-соолук, жаңы кесиптик жетишкендиктерди жана мындан аркы ийгиликтерди каалайт! Рахмат!