Урматтуу шаардыктар! Шаардык суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине  байланыштуу эртең, 9-февралда  саат 9:00дөн  20:00гө чейин төмөнкү даректерде: Панфилов, Горький, Л.Толстой көчөлөрүндө жана Ч.Айтматов проспектиси, Керимбеков көч. № 5, 1 б, 13/1, 13, Исанов көч. 8, 5, 2г, 2а, 2б, 2в жана Бөкөнбаев көч. 152, 154, 162 даректеринде ичүүчү суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Эскерте кетсек, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында  жана Курулуш колледжинде суу өчүрүлбөйт.
Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чалсаңыздар болот.  Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайт жана шаардыктардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!