Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Октябрь районунун «Кара-Жыгач», «Алтын-Ордо», «Төкөлдөш», «Рухий-Мурас», «Көк-Жар» жаңы конуштарынын жашоочулары менен жолукту.

Тургундар вице-мэрге мектеп, бала бакчалардын, тротуар жана мектептердин, инженердик түйүндөрдүн, балдар аянтчаларын курулушу, скверлердин уюштурулушу жана тышкы жарыктандырууну өткөрүү боюнча кайрылышты.

Шаар тургундарынын кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтарга кыска мөөнөттө чечүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр шаар тургундары менен ар дайым байланышта. Ал эми жаңы конуштардагы тургундар менен жолугушуулар эффективдүү болот, анткени көйгөйлөр жеринде чечилет.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна күнү-түнү 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдү сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номерине жибериңиздер.

Биз дайыма байланыштабыз. Урматтуу Октябрь районунун тургундары! Сураныч! Райондун социалдык тармактагы баракчасына жазылыңыздар. https://www.facebook.com/orabishkek