Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу, "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Азиз Алымкулов борбордун вице-мэри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.