Абдрахманов көчөсүндөгү №105 / 3 үйдүн тургуну көп кабаттуу үйдүн чатырындагы сулуулук салонун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Свердлов райондук акимиатына кайрылган.

Свердлов районунун башкы архитектору, райондук  администрациянын кызматкерлери, милиция  жана МАБ кызматкерлери аталган жерге барышты.

Жумушчу топ чатырды текшергенде, аталган үйдүн чатырында эч кандай долбоорсуз жана уруксат кагаздары жок сулуулук салону ачылып, иштеп жаткандыгы аныкталды.

Бул учурда объектилердин курулушун текшерүү жана "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын 37 жана 45-беренелеринин бузууларды аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын компетенциясына кирет.

Бишкек шаары боюнча Мамэкотехинспекциянын маалыматы боюнча, бул маселе көзөмөлгө алынды.