Шаар өз ишин улантууда. Ахунбаев көчөсүнүн чыгыш багытында бара жатканда айдочуулар кырсык кырдаалын жаратууга туура келет деген унаа ээлеринен бизге көп кайрылуулар болгон.

Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишинен кийин эле жол аялдамага жана тротуарга такалат жана солго бурулганга тоскоолдук жаратат.

“Бишкекбашкыархитектура”, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Шаардык чарба департаментинин адистеринин,  милициянын кайгуул кызматынын катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлүп,  Ахунбаев көчөсүн Байтик баатыр көчөсүнөн баштап Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин кеңейтүү сунушу каралды.

Биз бул бөлүктө  чыныгы кырдаалды текшерип чыктык. «Бишкекбашкыархитектура»  муниципалдык ишканасынын жол жана транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери берилген участоктун кеңейтүүнүн болжолдуу схемасын даярдашты.

“Бишкекбашкыархитектура” көчөнүн кеңейтүүнүн болжолдуу схемасын жана  берилген маселе боюнча сунуштарын киргизүү үчүн тийиштүү органдарга кат жиберди.