Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! «Тулпар»  командасы муниципалдык коомдук транспортторду онлайн режиминде көзөмөлдөө функциясын ишке киргизди.

Эми «Тулпар» карталарынын  жана мобилдик тиркемесинин колдонуучулары  өз автобусун жана троллейбусун реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, маршруттарын алдын-ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Транспорттун жүрүшүнө көз салуу үчүн «Тулпар»  тиркемесин жүктөп, жеке кабинет ачуу керек, андан соң «Маршруттар» бөлүмүнө кирип, тизмеден каалаган маршрут номерин тандап алышыңыз керек. Туура иштөө үчүн туруктуу интернет байланышы талап кылынат.

Картадагы сандар көрсөтүлгөн аймакта аялдамалардын санын билдирет.

Урматтуу шаардыктар! Жаңы функция ушул жумада гана ишке киргизилип, мүчүлүштүктөрдү оңдоо режиминде турат. Сиздерден "Тулпардын" жашыруун колдонуучусу болуп, инновацияны колдонуп көрүп, социалдык тармактардагы жана мессенджерлердеги баракчаларыбызга тиркеме жөнүндө пикир калтырууңузду өтүнөбүз.

Facebook: https://www.facebook.com/tulparcardkg

Whatsapp: https://chat.whatsapp.com/I9PcneaQAjoCrIU1Q8oO16

Эгерде сизде "Тулпар" тиркемеси боюнча суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, анда ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот: 582000.