Шаар өз ишин улантууда. Борбор калаанын мэриясы  шаар тургандары менен ар дайым байланышта.

Муниципалдык мүлк башкармалыгында  салттуу шаар тургундарын жеке кабыл алуу өткөрүлдү.

Бул жолу жеке кабыл алууга 7 шаар тургуну кайрылды, анда турак жай бөлүү, батирлердин иш кагаздарын каттоо, жер алдынан өтүчүү өтмөктөрдөгү жайларды ижарага берүү жана пандемия учурунда ижаранын төлөмүнө тийиштүү маселелер көтөрүлдү.

ММБнын башчысы Аскат Карынбаев ар бир шаар тургунун угуп чыгып, жооптуу кызматкерлерге бишкектиктердин кайрылууларын көзөмөлгө алып, эң кыска мөөнөттө маселелерин чечүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жылдын башынан баштап  беш кабылдама өткөрүлдү, жолугууга 27 киши келди.

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысынын жеке кабыл алуусу шаршемби күндөрү  саат 14:00 дө өтөт, жолугуушуга 62 01 03 номуруна чалып жазыла аласыз.