Шаар өз ишин улантууда. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дайыма шаардын кызматында.

Бишкекте 646га жакын көчө шыпыргыч, 122 жүктөгүч, 19 жашылдандыруу кызматкерлери жана 100 адамдан турган катуу тирчилик таштандыларды чыгаруу тобу кадимки режимде иштеп жатышат.

Аба ырайынын жылышына байланыштуу, Тазалыктын кызматкерлери кар жаап жатканда тазалоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн аялдамалардын жанына орнотулган туз салынган үкөктөрдү ала башташты.

Ошол эле учурда шаар боюнча 4 атайын техниканы тартуу менен 40ка жакын кызматкер таштарды, сынган плиталарды жана жээк таштарды алып жатышат.

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишине Улуу Ата Мекендик согушка катышкан СССРдин Баатырларынын элесине орнотулган стенд калыбына келтирилди.Сынган айнеги алмаштырылды.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Шаардын мүлкүн талкалап-бузуунун кажети жок, анткени аларды калыбына келтирүүгө кошумча адамдык ресурстар жана каржы сарпталат. Эгерде сиздер мүлккө зыян келтирилгендигине күбө болсоңуздар, анда милицияга кайрылыңыздар: 102.