Таң эртеден баштап борбор калаанын турак жай-коммуналдык чарба (ЖКХ) иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен биргеликте шаарды текшерүүдө.
Бүгүн Ленин районунун аймагы вице-мэрдин тыкыр көзөмөлүндө.

Ж.Ырсалиев Чүй проспектисин Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана "Ош Базары" соода жана көңүл ачуу комплексинин жанындагы аймакты текшерди.

Вице-мэр шаардык кызматтардын иши жетишсиз экендигин, бардык жерде антисанитардык абал жана баш аламандык орун алгандыгын белгиледи.

Борбор калаанын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук жайларда көрктөндүрүү эрежелерин бузуучуларга каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди, бул аймакта мончолор, тандырлар, соода күркөлөрү  жана башка чарбалык объектилер тазалыкты жана тартипти бузушат.

Ленин районунун акими Ч.Чыныбаевге объектилерди экологиялык таза күйүүчү май түрүнө - газга өткөрүү боюнча коомдук мончолордун жана сауналардын администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы бардык куурап калган бутактарды алып таштап, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы менен биргеликте Чүй проспектисинин боюндагы жашыл аянтчалардын долбоорун иштеп чыгышы керек.

Борбор калаанын архитекторлоруна көчөлөрдүн жээгиндеги имараттардын маңдайкы бөлүктөрүн иретке келтирүү сунушталды.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына тротуарга орнотулган мыйзамсыз жарнак мамыларын жана жеңил типтеги объектилерди демонтаждоо тапшырмасы берилди.

Вице-мэрдин текшерүүлөрү  улантылууда, кийинки текшерүү турак жайлардын биринде болот.