"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында чыныгы жаз келди, биз январь айында сепкен бир жылдык гүлдөрдүн уруктары өнүп чыкты.

Бир жумадан кийин биздин эмгекчил багбандарыбыз көчөттөрдү терип башташат жана аларды шаардын гүлзарларына отургузуу үчүн өстүрүшөт.

Апрель айынын ортосуна чейин Жеңиш аянты биринчилерден болуп гүлгө оролот. Отургузуунун биринчи этабында 400 миң гүл отургузулат.

Белгилей кетсек, быйыл шаардын төрт районуна 1 миллион 400 миң гүл отургузуу пландалууда.