Борбордук мэрияда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгында  шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландык кеңешме өткөрүлдү.

"Шаардык парктар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 2020-жылы аткарган иштери боюнча отчет берип, 2021-жылга карата пландары менен бөлүштү.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, ишкана  чыгымдардын бардык беренелери боюнча 3,6 миллион сомдон ашык каражатты оптималдаштырды.
Кошумча каражаттарды тартпастан, үнөмдөөнүн эсебинен Түлөбердиев, "Адинай" жана "Ынтымак" жаңы парктары муниципалитет  тарабынан тейленип келет.

Керектүү атайын шаймандар: мунара, чиркегичи бар эки Беларусь трактору, тиркемеси бар эки Уралец трактору, бак кескичтер, чөп чапкычтар жана башкалар сатылып алынды.

Өткөн жылы шаардыктардын жана уюмдардын колдоосу менен 9766 көчөт, анын ичинен 8010 түп бадал, 1106 жалбырактуу көчөттөр жана 348 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулган. Ошондой эле, биздин эмгекчил кызматкерлер борбор калаанын сейил бактарына 22 миң даана роза гүлүн отургузушту. Көчөттөр КРнын Өкмөтүнүн  алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Токой чарба институтунан, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Ботбакчасынан ошондой эле жеке питомниктерденда мамлекеттик баада сатылып алынган.

"Кара -Жыгач" жана "Молодежный" паркындагы үч көлдүн түбүн тазалашты, анда  бир көлдөн бир унаа дөңгөлөктөр чыкты.

Шаардык ресурстарды оптималдаштыруу үчүн  биз "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасы өзүнүн жыгач устаканасын ачтык. Куураган жана авариялык абалдагы бак-дарактарды кулатуудагы бардык таштанды материалдар биздин цехке жөнөтүлөт. Эми отургучтарды оңдоо үчүн жыгачтарды өзүбүз жасай алабыз.

Эскерте кетсек, ишкананын  балансында 10 парк бар.