Борбор калаада кароосуз калган жана кайыр сураган балдарды аныктоо үчүн кыдыруулар уланууда. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр кырдаалдан пайдаланып, онлайн сабакка катышпай, сабактарды өткөрүп, базарларда, унаа жуучу жайларда, тамак-аш сатуучу жайларда жана башка жерлерде иштеп жүрүшѳт.  Бул жолу Биринчи май райондук администрациясы  Ички иштер башкармалыгынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте райондун аймагын текшерип чыгышты.

Тилекке каршы, кичинекей баласы менен кайыр сурап жүргөн Өзбекстандын жараны аныкталды. Учурда ымыркай бардык жагдайлар аныкталганга чейин борбордук мэриянын балдарын социалдык адаптациялоо борборуна жеткирилди. Балдарды коргоо боюнча рейддер улантылып жатат.

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугун камсыздоо ата-энелердин милдети,  ал эми жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин колдонууга тыйуу салынат жана ата-эне  гана баланын тарбиясына жооптуу!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата катаал мамиленин же кайыр суроонун күбөсү болсоңуз, анда дароо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө, милицияга 102 кайрылыңыз:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева ;
Ленин району:  883899,0502021404 Нуриза Сталбекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Өзүңүздөргө жана  балдарыныздарга кам көрүңүздөр!