Ага Хандын жаңы башталгыч жана чакан жана орто бизнести колдоочу "Ыкчам өркүндөтүү" долбоору Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелерине, уюмдарга жана ишканаларга ишкердикти тездетүү боюнча арыздарды кабыл алууда.

Катышуучулар интенсивдүү окутуу программасынан өтүп, бизнес боюнча кеңеш алышат. Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 миң АКШ долларына чейинки инвестицияларды алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, бизнес-акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү таасир» долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоор ар кандай тармактардагы жана бир нече өлкөлөрдөгү жамааттар арасындагы баштапкы деңгээл   деги татаал көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы, инновациялык чечимдерин табууга багытталган.

Конкурска жеке менчик бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана бир жылдан кем эмес иш стажы жана жылдык кирешеси бар балдардын эрте өнүгүүсү үчүн башка билим берүү мекемелери катыша алат.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ:
- Сынакка катышуу үчүн  2021-жылдын 15-февралында, саат 24:00 го чейин анкета толтурушуңуз керек; (белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт)
- анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтурса болот;
- Конкурстун биринчи турунан өткөн, ийгиликтүү талапкерлер гана «Ычам ѳркүндѳтүү» тандоо комиссиясына маектешүүгө чакырылат;
- Жатакана, тамак-аш, транспорттун катышуучулары өздөрү камсыз кылышат;
- Бизнес акселератору Бишкек шаарында өтөт.

Сынакка катышуу үчүн онлайн арыз толтурушуңуз керек: https://kg.accelerateprosperity.org/page9034376.html
Сынак жөнүндө көбүрөөк маалымат жана катышуунун шарттары: https://kg.accelerateprosperity.org/bishkek2020
Суроолор боюнча: 0 (990) 935-008 номерине чалыңыз.
«Ыкчам өркүндөтүү» Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун демилгеси болуп саналат жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан «Жергиликтүү таасир» долбоорунун алкагында каржыланат.