Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиевдин, вице-мэр Азамат Сагындык уулунун, район башчысы Максат Нусувалиевдин, райондук кызматтардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын  жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын жыйыны өткөрүлдү.

Коллегияда райондун өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2021-жылга карата милдеттер каралды.

2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландуу көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын иши жетишсиз деп табылды. Белгилей кетсек, 1765,0 миллион сом план коюлган, бирок аткарылышы 1670,0 миллион сомду түзгөн.

Райондук Мамлекеттик салык башкармалыгына 2021-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 100% аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Райондук ички иштер бөлүмүнө, билим берүү борборуна, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана МАБ башчыларына базарларда, унаа жуучу жайларда, техникалык тейлөө станцияларында жана компьютердик клубдарда кароосуз калган, иштеген жана тилемчилик кылган балдарды аныктоо боюнча рейддерди өткөрүү, ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана мектеп рэкетин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Жыйынтыгында кызматтардын отчеттору алынып, өзгөртүүлөр жана толуктоолорду эске алуу менен токтом кабыл алынды.