Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, №13 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Болотов Азамат Кыдырбаевич Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматына которулду.

Жаңы башчыны Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жамаатына Ленин районунун башчысынын орун басары А.Джунусова тааныштырды.