Ленин акимиатынын жыйындар залында аким Чынасыл Чыныбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык администрациянын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов, БШКнын депутаты Таалайбек Сариев, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, ошондой эле шаардык, райондук кызматтардын башчылары жана райондук муниципалдык аймактык башкармалыктардын  жетекчилери катышты.

Күн тартибинде: акимиаттын 2021-жылга карата иш планы, Ленин районунун 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана кийинки жылга коюлган милдеттер, 2020-жылы жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды.

Ленин районунун Мамлекеттик салык башкармалыгына «Бишкек шаарынын 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2022-жылга божомолдоо жөнүндө» БШКнын токтомуна ылайык, райондун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толугу менен аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле көчө соодасын, жеңилдетилген типтеги объектилерди, архитектуралык-курулушту  стандарттарга шайкештигин, уруксат документтеринин, патенттери болушун  изилдөө жана тартипке келтирүү боюнча ишти улантуу тапшырылды.

Турак жай-коммуналдык кызматтар 2021-жылга карата "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк иштеринин наамына киргизилген жана "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында Кытай Эл Республикасынын грантынын  эсебинен райондун жолдорун текшерип чыгышат.

Райондук ички иштер бөлүмүнө күнү-түнү рейд жүргүзүп, иштеп жаткан балдарды, кароосуз калган жана үй-жайсыз балдарды, ошондой эле кайырчылык менен алектенген өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү тапшырмасы берилди.