№131 балдар бакчасынын базасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун  "Жаш директордун мектеби" семинары болуп өттү.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде башкарууну жана көзөмөлдү уюштурууда ченемдик укуктук документтерди колдонуу маселесин талкууладык.

Бала бакчадагы көзөмөл - бул билим берүү процессинин ченемдик документтердин, билим берүү программаларынын, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин уставынын, Кыргыз Республикасынын   Билим берүү жана илим министрлигинин, шаардык билим берүү башкармалыгынын пландары менен буйруктарынын максаттарына жана милдеттерине шайкештигин байкоо жана текшерүү тутуму.

Ошол эле учурда №152 балдар бакчасынын базасында шаардык мэриянын Билим берүү бөлүмүнүн жана Свердлов районунун Билим берүү борборунун адистери китепкана кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрүштү.

Билим берүү башкармалыгынын шаардык усулдук кеңешинин методисттери ар кандай курактагы балдарга сабак өтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, балдарды өнүктүрүү борборлору №20, 24, 25, 26 китепканаларынын базасында,  "Келечек", "Ак Бата", "Ак Тилек", "Эне-Сай" жаңы конуштарында ачылган. 43 кичинекей бишкектиктерге жумасына эки жолу онлайн режиминде окутуу жүргүзүлүүдө.

Ал эми билим берүү жана мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери үчүн шаардык мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинарын өткөрдү.

Бул жолу биз Ленин районундагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорун камтыдык.