Жолугушуу шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин, конуштун кварталдык комитеттер жана тургундардын катышуусунда өттү. Чогулуштун катышуучулары вице-мэрге, райондун акимине Биринчи май районунуна кирген “Новопавловка 100 га” аймагын Ленин районуна берүү маселесин көтөрүштү, андан тышкары актив жана “Кут” конушунун тургундары конушту көрктөндүрүү, электр энергиясы,  суу менен камсыздоо жана башка маселелерди айтышты.  

Жолуугушунун аягында Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев “Новопавловка 100 га” аймагынын берүүсү Бишкек шаардык кенештин жыйынында каралып чыгуусу керектигин билдирди, андан тышкары тиешелүү шаардык жана райондук кызматтарга, тактап айтканда Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына, “Бишкекбашкыархитектура”муниципалдык ишканасына, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына трансформатордук подстанция, электр линиясынын таянычтарын орнотуу боюнча жана “Кут” конушунун тургундарын таза суу менен камсыздоо маселесин карап чыгуу жана сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.