Борбор калаанын мэриясынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева Октябрь районунун бала бакчаларын текшерип чыкты.

№3 жана №6 мектепке чейин билим берүү уюмдарынын техникалык абалы текшерилди.

Азыркы учурда №11 кичи районунун №3 бала бакчасында (“Ласточка”) капиталдык ремонт өтүп жатат. Биз чатырын оңдоп бүтүрдүк, азыр куруучулар балдар тобу үчүн мурунку пландоосун кайтарып жатышат, санитардык эрежелерге жана нормаларга ылайык, коопсуз жайларды уюштуруу үчүн ички дубалдарды алып жатышат.

Оңдоо-курулуш иштерине шаардык бюджеттен  болжол менен 22 миллион сом каралган. Объектте “Орбидтал Строй” бөдрөтчү компаниясы иш алып барууда.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-октябрында КР Өкмөтүнүн чечими менен айтылган эки кабатту имарат муниципалдык менчикке берилген. Мурун анын ичинде Кыргызпатенттин кеңсеси негизделген. Жер участогунун жалпы аянты 0,42 га, имараттыкы – 1064 чарчы метр, бала бакча алты топтон турган  140 орунга ылайыкташтырылган.

№6 кичи районунун №6 бала бакчасында капиталдык оңдоо толук  бүткөн, ички жана сырткы жасалгалоосу даяр, ашканага жана кир жуучу жайга жабдуулар алып келинди, эмеректер орнотулду, видеобайкоо системасы оңдолду, чектеш аймактын көрктөндүрүү иштери бүткөрүлдү.

Имараттын капиталдык ондоо иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен “Байэл–А–Курулуш” бөдрөтчү компаниясы жүргүздү.

Бала бакчанын аймагынын аянты 1.573 чарчы метр, 140 орундуу. Буга чейин имараттын бөлүгүн Октябрь районунун Социалдык фондунун бөлүмү ижара шарттында ээлеп келген.