Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын ишин текшерүүнү улантууда.

Бул жолу Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгын текшерди.

Иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору, даректүү социалдык жардам көрсөтүү алгоритмин өркүндөтүү, ошондой эле Свердлов районунда гана иштеп келе жаткан "Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту" автоматташтырылган маалымат тутумунун программасы каралды.

Райондун Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө балдардын шашылыш чалууларына бригадаларды тез жөнөп кетүүлөрү  үчүн унаа маселесин чечүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын башында мобилдик бригада балдарга, ошондой эле мыйзамга каршы келген балдарга карата зомбулук фактысы боюнча 24 жолу сапар кылган. Өткөн жылы 197 сапар болгон.