Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев дайыма район жашоочулары менен байланышта болуп, күн сайын тургундарды жеке кабыл алат.

Негизинен, район тургундары материалдык жардам, турак жай бөлүп берүү, райондун аймагын жакшыртуу маселелери боюнча кайрылышат.

Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча  тиешелүү кызматтардын башчыларына жана орун басарларына тапшырмалар берилди, айтылган маселелердин бардыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тез арада чечилет.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясында  "Бирдиктүү терезе" иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин арыздарды кабыл алат.  Дареги: Байтик-Баатыр көчөсү, 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында). Тел: 57-63-80.

Ошондой эле биздин adm-oktyabr@bk.ru электрондук дарегибиз бар, анда ар ким өзүнүн каттарын жана кайрылууларын таштап, Октябрь районунун акиминин жеке кабыл алуусуна жазыла алат.