Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тазалык жана тартипти, көрктөндүрүүнү бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги Народный соода үйүнө, Чүй проспектиси,  48 дарегиндеги «РСК Банкка» жана Манасчы Сагынбай көчөсүнүн,  290 дарегиндеги «Меда Вид» компаниясына чектеш аймакта көрктөндүрүү эрежелерин бузгандары үчүн Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренеси боюнча протокол тузүлүп, айып пул салынды. Бул мыйзам бузуулар экинчи категориядагы айып салууга алып келет: жеке жактарга - 3000 сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом.

Тиричилик таштандыларын белгисиз жерге таштоо үчүн 71-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, Ахунбаев көчөсү,  124а дарегинде жайгашкан «С Trade» компаниясына карата протокол түзүлдү, бул жеке адамдарга 5,500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салууга алып келет.

Токомбаев көчөсү, 29 дарегиндеги  "Озтопрак" компаниясы казуу иштерин ордерсиз жүргүзгөн үчүн  1-бөлүк, 119-1-беренесине ылайык,  23 миң сом.айып пул салынды.

Ошондой эле жашыл бакчалардын бузулушу жана көчөдөгү казуу иштери үчүн  Медеров көчѳсүндѳгү "Бай Сервис Девелопинг" ЖЧКсына 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын тазалыгын сактайлы! Мэриянын санитардык-экологиялык күзөт кызматынын байланыш номери: 0 705 564756