Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалап, борбордун көрүнүшүн иретке келтирүү иштерин улантууда.

Бул жолу Учкун кичи районунда төрт гараж, ошондой эле Манас проспектиси менен Ч.Айматов проспектисинин Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки 58 жарнама баннерлери жана түркүктөрү демонтаждалды.

Мессарош жана  Ильменский көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө  ээлеринин уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал дагы алынып салынды.

Белгилей кетсек, "Бишкек шаарынын көчө - жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында, Ак-Тилек конушунун Ак-Тилек көчөсүндөгү жеңил объектилерди алуу иштери жүргүзүлүүдѳ.

Баса, ижара келишимин түзүүдө ишкерлерге шаардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн объектилер демонтаждалып же жайгашышы мүмкүн экендиги жөнүндө ар дайым эскертилип келет.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сизден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес коюлган объектти байкасаңыз, анда бизге социалдык тармактар аркылуу жазыңыз: Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg