«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы»  муниципалдык ишканасынын отурум залында жаңы дайындалган Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Таалайбек Акматбаев жеке менчик транспорттук компаниялардын жетекчилери, мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Ай сайын алынуучу салыктын жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмүн убактылуу кыскартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Эске салсак, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин транспорттук компаниялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларында COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктардан улам ай сайын милдеттүү төлөмдөрдү төлөп берүү кыйынга турган айдоочуларды колдоо маселеси көтөрүлгөн.

Бул маселе мыйзам чегинде каралат.

Ошондой эле акыркы жолугушууда,  мэрдин милдетин аткаруучу жеке компаниялардын жетекчилеринен мэрдин милдетин аткаруучу Б.Түлөбаевдин транспорт боюнча коомдук кеңешчиси боло турган бир өкүлдү шайлоону суранган.

Жолугушууда “Батыр Хан Мурагер” ЖЧКсынын директору Юрий Петров көпчүлүк добушка ээ болду, ага 18 адам добуш берди.