№79 бала бакчанын базасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаш методисттери үчүн окуу семинары уюштурулду.

"Методисттин функционалдык милдеттери", "Мамлекеттик тилдеги иш кагаздары", "Методисттин иштеринин номенклатурасы" багыттары боюнча тренингге 47 адис катышты.

Биз билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга, мектепке чейинки уюмдун ишин пландаштырууга, балдар жана ата-энелер менен иштөөнүн алгоритмине багытталган негизги маселелерди карап чыктык.

Аталган семинарды Билим берүү башкармалыгынын адистери уюштурду.