Борбор калаанын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

2018-жылы "Пегас Ала-Тоо" ишканасына Токомбаев көчөсүнөн аянты 0,26га  жер тилкеси, социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттери бар көп кабаттуу турак үй үчүн 49 жыга ижарага убактылуу пайдаланууга берилген.

2020-жылдын төртүнчү чейрегин эске алганда, ижарачы 10 миллион 733 миң 633,09 сом суммасында ижара төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Ушуга байланыштуу, ЖРБ сот органдарына ижара төлөмдөрү боюнча карызды өндүрүү жана жогоруда аталган жерди ижарага берүү келишимин токтотуу боюнча доо арызы менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 27-январындагы чечими менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, 10 миллион 733 миң 633,09 сом шаардык бюджетке кайтарылып берилет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына (ЖРБ) кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73.