Ушул оор мезгилде жөнөкөй колдоо баарынан кымбат.  

Дем алыш күндөрү «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Свердлов районунда жашаган 100 муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөттү.

Шаардыктар азык-түлүк себеттерин алышты (25 кг ун, 5 литр өсүмдүк майы, 10 кг күрүч, 5 кг шекер, 5 кг макарон, 2 кг буурчак, 2 кг таттуулар, коюлтулган сүт жана томат пастасы).
Белгилей кетсек, ушул 100 үй-бүлө " Үй бүлөгө көмөк" социалдык жөлөкпулдарын алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна борбор калааны ар тараптуу колдогондугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.