Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү борбордун мыйзамсыз объектилерин тазалоо иштерин улантууда.

Уруксатсыз орнотулган объектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдѳ, Учкун кичи районундагы ээси жок күркөлөр, Айни көчөсүндөгү тоок гриль пункту жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы жарнак баннерлери алынды.

Азыркы учурда Абдымомунов көчөсү  286/1 дарегиндеги жана Малдыбаев көчөсүндѳгү мыйзамсыз орнотулган темир тосмолорду демонтаж кылуу улантылууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз, 0777147493 номерине чалыңыз
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg