Урматтуу шаар тургундары! Бүгүн борбор калаа көчөлөрүн жана тротуарларды таштандыдан тазалоого түн оокумунда чыктык.

Көчөлөрдү кардан тазалоо үчүн 37 бирдик атайын техникаларды тартуу менен жол тейлөө башкармалыгынын (ДЭУ) 25 кызматкери ишке чыкты, ошондой эле  МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 "Беларусь" кичи трактору,  2 жүк ташуучу ЗИЛ - 130 жана 2 алдыңкы жүктөгүч техникалары тартылды.

160 тонна техникалык туз сарпталды. Эмнеге туз колдонулуп жатканын бул шилтемеден окусаңыздар болот: http://www.meria.kg/ru/post/19722.

Шаардын тазалыгы үчүн күрөшүү тынымсыз улантылат.

Көчөлөрдөгү, тротуарлардагы таштандыларды, кар жана музду тазалоого байланышкан маселелер боюнча мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp колдонмосу аркылуу  0554 182 185  номерине жибериңиздер.