Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар!

Белгилүү болгондой, 18-январдан баштап борбордогу бардык мектептерде  (97 мектепти түзѳт)  1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары үчүн оффлайн режиминде окутууну жанданттык, калган класстардын окуучулары дагы деле онлайн режиминде билим алышууда.

Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн окутууну үзгүлтүккө учуратууда жана сабакты калтырууда деген маалымат пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбесин белгилейбиз.

Урматтуу ата-энелер жана балдар! Эгерде сизде билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратуу фактылары же башка мыйзамсыз аракеттер окутуучулар жамааты тарабынан жасалган болсо,  дароо мыйзамдуу чараларды көрүү үчүн бизге WhatsApp номери аркылуу кабарлаңыз: 0709240284.

Жакында бардык балдар мектептерге кайтып келип, окуусун оффлайн режиминде улантышат деп үмүттөнөбүз.