Биринчи май районунун «Аска-Таш» конушунун тургундары Мессароша көчөсүнө эски оюн аянтчанын ордуна жаңысын куруп берүүнү суранышкан.

Бюджетте реконструкцияга каражаттар жок болгондуктан, «Бест Продактс Дистрибьюшн» жоопкерчилиги чектелген коому өзүнүн каражаттарына жаңы балдар аймагын куруп берди.

Аянтчанын ичине балдар үчүн оюн конструкциялар, адыр, селкинчек жана кум кирет.

Бишкек шаарынын мэриясы чын жүрөктөн тургундарды жарандык активдүүлүк үчүн жана балдар комплексинин рекострукциясына салым кошкон ишкерлерге ыраазычылыгын билдирет.