Урматтуу шаар тургундары! Ушул ишемби күнү, 23-январда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана каалабыздын муниципалитети тарабынан уюштурулган Киев кѳчѳсү менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде айыл чарба жарманкеси өтөт.

Жарманке саат 10:00 башталат жана ага 62ге жакын компания ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын базар баасынан арзан баада сунушташат.

Мисалы, 390 сом турган эт азыктарын, тооктун жумурткасы 88-92 сом, өсүмдүк майы 112-120 сом, сүт азыктары, жашылча-жемиштер, суусундуктар жана башка көптөгөн азык-түлүктү сатып ала аласыздар.

Бул аянтча биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өз продукцияларын сатууга жана жарандарды эл аралык бренддерден кем калбаган, көбүнчө сапаттуу жана мыкты сапаттагы ата мекендик бренддер менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Урматтуу фермерлер! Эгерде сиз жарманкеге катышууну кааласаңыз, анда Биринчи май райондук администрациясына 0 (312) 325504 номерине билдирүү  калтырсаңыз болот.

Толук маалыматты төмөнкү  номерлерден ала аласыздар: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060.

Ошондой эле «Ак-Сай Дыйкан» базарында Ю. Фучик көчөсү, 45 дарегинде  ар бир дем алыш күндөрү түздөн-түз өндүрүүчүлөрдүн дүң баада азык-түлүктүн жарманкеси өтөт.

Бул базар бир нече жума мурун гана иштей баштаган, учурда эркин соода аянтчалары бар, базардын администрациясы бардык ишкерлерди алгачкы үч айда ижара акысын төлөбөстөн кызматташууга чакырат.

Базардын байланыш номерлери: 0550 (933363), 0702 (518282), 0999 (220303).