Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө бульвар уюштуруу боюнча мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен көчмө өткөрдү.

“Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев жана шаарды көрктөндүрүү жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Сарымсакова жерге жайгаштыруу иштери жана долбоорго чейинки документтерди даярдоо боюнча отчет беришти, ал эми архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттар буга чейин эске алынган.

Бүгүнкү күндө топография бөлүмүнүн адистери санарип форматта топографиялык тартууну башташты. Техникалык тапшырмага ылайык, бул аймактагы ар бир дарак топографиялык план боюнча белгиленет, иш ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.