Октябрь райондук администрациясында «SOS Балдар айылынын», билим берүү борборунун, БҮМБ дарыгерлеринин, психологдордун жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда Балдар иштери боюнча комиссиянын пландуу жыйыны өткөрүлдү.
"SOS-Балдар айылынын" базасында кризистик борбордо кичинекей баласы бар үй-бүлөнү аныктоо жана үй-бүлөдө психологиялык зордук-зомбулукка кабылган жашы жете элек балдарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча материалдар каралды.
Шаардын төрт райондук администрациясында тең Балдар үчүн ишеним телефону иштейт:
- Биринчи май районунун ишеним телефону: 0 (312) 67-03-86;
- Октябрь районунун ишеним телефону: 0 (312) 51-03-75;
- Свердлов районунун ишеним телефону: 0 (312) 53-05-76;
- Ленин районунун ишеним телефону: 0 (312) 88-38-99.