Шаар өз ишин улантууда. Бүгүн, "Бишкекбашкыархитектура" Минин  Жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн адистери Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын чектерин тактоо боюнча текшерүү сессиясын улантышууда.

Бул жолу Жеке турак жай курулуш  бөлүмүнүн башчысы Джаныбек Сууев кызматкерлер менен биргеликте Бугу-Эне-Багыш конушунун чегин тактоо үчүн барышты. Тургундарга архивдик документтер, иштелип чыккан карталар көрсөтүлүп, көйгөйлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Андан кийин ишкананын жыйындар залында Мамкаттоонун кызматкерлери менен биргеликте иш улантылды.
Эске салсак, буга чейин иш сапар менен келген комиссиянын жыйынтыгы боюнча, ушул турак жай конушунун чек ара тилкесин аныктоодо техникалык маселелерди карап чыгуу тапшырмасы берилген.