Жакында эле Бешинчи каналдын кабарчылары Бишкекте бир дагы документи жок жашаган Сейтек аттуу жигит жөнүндө сюжет даярдашты.

Жаңылык жарыялангандан кийин, Ленин акимиаты жарандын жашаган жерин тактоо боюнча өз иликтөөсүн баштады.

Учурда Сейтек Ак-Ордо конушунда жашайт экен. Анын айтымында, ал болжол менен 34 жашта, паспорту жана башка документтери жок. Ал чоң энесинде чоңойгон, ал каза болгондон кийин жумушчу болуп иштеп баштаган.

Ленин райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Азат Салмурбек уулу Сейтек менен жолугуп, биз өздүктү тастыктаган документтерди, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн берүү жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселесин талкууладык.

Райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына туулгандыгы боюнча мыйзамдуу фактыны аныктоого жардам сурап сотко кайрылуу тапшырылды.

Сейтектин жана анын үй-бүлөсүнүн документтерин толуктагандан кийин, туруктуу каттоого жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө жардам беребиз.

Урматтуу журналисттер! Билдирүү үчүн ыраазычылык билдиребиз!