Бүгүн, мэриянын жыйындар залында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жеке менчик транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Жеке кичи автобустарда жол жүрүү тарифтерин этап-этабы менен көтөрүү маселеси кайрадан талкууланды.
Компания жетекчилери тарифтерди 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты.

Мэрдин милдетин аткаруучу каттамга чыккан маршруттук таксилердин жол киресин азырынча 15 сомго чейин, автобустар менен троллейбустар үчүн жол акысын убактысына карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштады. Пенсионерлер жана балдар 8 сом төлөшөт.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясынын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүнү тапшырды, ал борбордун транспорттук тутумун реформалоо үчүн жарандардын, айдоочулардын, муниципалдык кызматкерлердин жана жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу үчүн аянтчага айланат.

Ошондой эле калаа башчысынын милдетин аткаруучу жеке фирмалардын жетекчилеринен натыйжалуу иш алып баруу үчүн  бир өкүлдү шайлоону суранды. Ал Б.Түлөбаевдин коомдук кеңешчиси болот.

Маршруттук компаниялардын директорлору айдоочулардын иш таштоосун үчүнчү жактар уюштуруп, коллективдердин ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышкан деп билдиришти.

Мэрдин милдетин аткаруучу автоунаалардын парктарына материалдык зыян келтирген, кичи автобустардын айнектерин сындыргандардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.