Так ушул убакытта "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калааны жашылдандырууну улантып, шаардын үч районуна ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту.

Биринчи май районунда Тыныстанов көчөсүндө Москва кѳчѳсүнѳн Токтогул кѳчѳсүнѳ чейин 20 туя көчөтү отургузулду. Жакында М.Ганди көчөсүнѳ Баялинов кѳчѳсүнѳн баштап ЧЧКга чейин 30 туя дарактары отургузулат.

Октябрь районунун Масалиев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр кѳчѳсүнѳ чейин 30 түп арчанын көчөттөрүн отургузулду, "Виноградный" сквери  көчөттөрдү отургузуу иштерине даярдалып жатат.

Свердлов районунда Жеңиш аянтына 6 балаты отургузулду.

Жакын арада биздин эмгекчил кызматкерлер Чүй проспектисине 50 түп арча жана 20 туя көчөттөрүн отургузушат.
Кышкы отургузуу жана жашылдандыруу иштери уланууда.