Борбор калаанын мэриясы шаардыктар менен ар дайым байланышта. Октябрь районунун Улан кичи районунун жашоочулары аймакты  жакшыртуу жана санитардык тазалоо маселелери боюнча бизге кайрылышты.

Райондун акими Данияр Арпачиев №10 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте ошол жерге барып, шаардыктар, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары менен жолугушту.

Кичи райондун жашоочулары акимиаттан таштанды үчүн кошумча эки контейнер орнотууга, №5, №6, №7 үйлөрдүн ортосунда жайгашкан балдар аянтчасын, ошондой эле Улан кичи районунун №1, №2, №3, №4, №5, №6, № 7, №1/1, № ½ үйлөрдүн жашоочулары үчүн 7-апрель көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү жайды жарыктандырууга  көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Райондук кызматтарга аймакты санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү, анын жанындагы жана короо аралык аймактарды тазалоону күчөтүү, ошондой эле тургундардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү тапшырылды.

Бул багыттагы текшерүүлөр дагы улантыла берет.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча күнү-түнү 1840 жана 1850 муниципалитеттин колл-борборуна кайрылсаңыз болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун  0554 182185 номерине жөнөтүңүздөр.