Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Эгерде сиз эс алууну пайдалуу өткөрүүнү кааласаңыз, анда шаардык мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан  кичинекей бишкектиктер үчүн даярдалган спорттук иш-чараларга катышыңыздар.

8-январдан 10-январга чейин Жукеев-Пудовкин  көчөсү 41 дарегиндеги оор атлетика боюнча спорт мектебинде саат 10:00дөн 12:00гө  чейин Азия чемпионатынын коло медалынын ээси, оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону Бекдөөлөт Расулбеков мастер-класс  өткөрөт.

8-январда Карасаев көчөсү,10  дарегиндеги спорт мектебинде кечки  саат 16:00дөн  18:00гө  чейин  теннис, паралимпиада,пауэрлифтинг  жана күч спорту боюнча майып балдар үчүн мастер-класс уюштурулат.  Машыктыруучу болуп Паралимпиада оюндарынын катышуучулары, эл аралык спорт чеберлери Эсен Калиев жана Жыргал Орозбаев иш алып барат.

Белгилей кетсек мастер-класстарга катышуу акысыз.

Бардык балдарды жана ата-энелерди чакырабыз! Ден-соолугуңуздарды бекемдеп, спорт менен машыгыңыздар. Балдарга жаштайынан сергек жашоо образын сүйдүрүңүздөр, оорубаңыздар!

Санитардык эрежелерди унутпаңыздар. Маска кийип, колуңузду антисептик менен тазалап, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүу шаарыбыз!