Жаңы жылдын алдында Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев Бишкектеги "Үмүт-Надежда" балдарды калыбына келтирүү борборунун жана балдарды коргоо борборунун тарбиялануучуларын куттуктады.
Балдар үчүн жомок каармандарынын катышуусунда жаркын театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, таттуу белектер даярдалды.
Өз кезегинде Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев SOS Балдар айылынын балдарын куттуктады.
Эски жакшы салтка ылайык, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери "Үмүт-Надежда" жана Ю.Корчак атындагы борбордун балдары үчүн майрам уюштурушту. Оюнчуктарды, керектүү жеке гигиена каражаттарын алып келип, белектерди балатынын түбүнө калтырдык.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык белектер 7-апрелде курман болгондордун жана жаракат алгандардын балдарына, жетим балдарга, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынын балдарына жана майыптарына, 16 жашка чейинки ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу берилет.
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!