Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйын  башчынын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Мавлян Аскарбековдун жетекчилиги алдында өттү.

Узундугу 14,3 км болгон 13 көчөнү реконструкциялоонун учурдагы иштерин жана пландарын талкууладык.

Белгилей кетсек, Көкчетавская көчөсүндө  М.Ганди көчөсүнөн Т.Молдого чейинки, Новая көчөсүндө    Ленская көчөсүнөн Жеңиш конушуна чейинки  жана Ташкент көчөсү боюнча  Турусбеков көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейинки бөлүктө  жолдорду оңдоо  иштери башталган.

Урматтуу шаар тургундары! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин колл-борборуна күнү-түнү: 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу  байланышууга болоорун эскертебиз. Ал эми  көйгөйлөрдүн  сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот. Биз ар дайым байланыштабыз!

Биринчи май районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/praBishkek

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!