Урматтуу шаардыктар, балдар! Борбор калаанын мэриясы жаш бишкектиктер үчүн Жаңы жылдык майрамдарга жана каникулдарга карата программа даярдады.

4-январда түшкү саат 12де "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында балдарга "Ден-соолук  модалуу" трениги өтөт.

5-январда саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында №2 Балдар искусство мектебинин эстрада аткаруучулары жана вокалисттеринин катышуусунда "Жылдыздар менен ырда" аттуу концерт болот.

Ошол эле күнү “Жаштык” борборунда  “Жаңы жыл планетаны басты” интеллектуалдык викторинасы өткөрүлөт.
6-январда саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында №2 Балдар искусство мектебинин балаты майрамдык кайрымдуулук концерти.

8-январь күнү саат 12:00дө «Диалог» маданият үйүнүн  чоң, кичи залдарында балдар жана жаштар үчүн мастер-класстар: "Кыргыз Республикасынын Эл артисти Любомудрова Л. менен сөз маданияты", "Гитара жана Комузда ойноо", "Лего ойноо", "Сиз кыялданган Инстаграмга 5 кадам" уюштурулат.

9-январда саат 12:00дө "Диалог" эс алуу борборунун кичи залында Жаңы жылдык мультфильмдердин негизинде квест болот. Ал эми "Жаштык" борборунда  "Жаңы жылдык Ниндзя" тоскоолдуктар курсу уюштурулат.
10-январда саат 9:00дө "Диалог" эс алуу борборунун кичи залында "Жаңы жылдык балатынын алдындагы бала бакча" аттуу жаштардын чакырыгы болот.

11-январда "Жаштык" борборунда "Баарын чогуу ырдайбыз" аттуу караоке сынагы өтөт.

12-январда саат 15:00дө Диалог маданият үйүнүн  кичи залында сүрөт тартуу, видео тартуу жана сайма сайуу боюнча мастер-класстар өтөт.

13-январда "Жаштык" борборунда "Спорт үй бүлөсү" спорттук иш-чарасы өткөрүлөт.

Ошондой эле, 3-январдан 15-январга чейин Диалог маданият үйүндө  кыш мезгилине арналган ырлар жана прозалардын онлайн сынагы уюштурулат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясы шаардын активисттери менен биргеликте 2021-жылдын 4-январынан 6-январына чейин өткөрүлө турган балдар үчүн “Мемориалдык музейлерге саякат” аттуу жаңы жылдык фестиваль уюштурган. Кеңири маалымат: https://www.meria.kg/ru/post/21294

5- жана 12-январь күндөрү Биринчи май жана Ленин райондорунун карылар үйүндө чоң энелерибизге жана чоң аталарыбызга “Достук  үнү” этно-фольклордук ансамблинин концерттери болот.

Урматтуу шаардыктар, балдар! Санитардык эрежелерди унутпаңыздар! Маска кийип, колуңузду антисептик менен тазалап, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!