2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун алдында Октябрь районунун жыйындар залында аким Данияр Арпачиев Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаеванын катышуусунда шайлоо штабынын жыйынын өткөрдү.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана округдун участкалык шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоосуна даярдык көрүүнү уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылууну чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын маселелерин талкууладык.

Андан соң, коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдөгү жемиштүү жана жигердүү иши үчүн райондун акимиаты жана МАБ кызматкерлери борбордук мэриянын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Урматтуу шаар тургундары! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин колл-борборуна күнү-түнү: 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу  байланышууга болоорун эскертебиз. Ал эми  көйгөйлөрдүн  сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот. Биз ар дайым байланыштабыз!

Сураныч, райондун социалдык тармактарындагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/orabishkek

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!